* Мындан 155 жыл мурун, 1860-жылы орустун улуу жазуучусу Антон Чехов Таганрог шаарында жарык дүйнөгө келген. Чеховдордун үй-бүлөсү Москвага көчүп келип, 19 жаштагы Антон Москва университетинин медициналык факультетине тапшырат. 1880-жылы анын биринчи аңгемелери басылмаларда жарык көрүп, адабиятта жазмакерлик ишмердиги башталат. Медициналык окуу жайын аяктагандан кийин дарыгер болуп иштеп, чыгармачылыкты кошо улантып, ошол кездеги орус интеллигенциясынын арасында тез эле оозго алынат. Ал дүйнөлүк жана орус адабиятынын алтын казынасына бир катар повесть, аңгемелерден башка «Иванов», «Алчалуу бак», «Үч эже-сиңди», «Ак чардак», «Ваня таяке» деген пьесаларды калтырды. Ал 1904-жылы Түштүк Германиянын Баденвейлер шаарына дарыланганы барып, кургак учук кеселинен жакшы боло албай, 15-июлда 44 жашында каза болгон. Анын сөөгү Москванын Новодевичье көрүстөнүнө коюлган.
* Мындан 34 жыл мурун, 1981-жылы эстрада-фольклор ырчысы Замир Арыкбаев Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Беш бир туугандын ортончусу. Колунан комузун түшүрбөй фольклор, ошондой эле эстрада жаатында да активдүү болгон Замир Арыкбаев көпчүлүккө "Кудача кыз", "Даткайым", "Көлдүк карындаш" ж.б. ырлары менен белгилүү болгон.* Мындан 49 жыл мурун, 1966-жылы Испаниянын Альмерия провинциясында АКШнын В-52 бомба таштоочу учагы менен ага май куюп жаткан учак кагышып, 7 киши каза болгон.

* Мындан 73 жыл мурун, 1942-жылы Олимпиада чемпиону (1960), профессионалдар арасында 3 жолку Дүйнө чемпиону аталган америкалык мушкер
Мухаммед Али (чын аты-жөнү Кассиус Клей) АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилл шаарында төрөлгөн. Тарыхтагы эң улуу мушкерлердин бири катары таанылган Мухаммед Али саясатта да өз көз карашын ачык айтып, Вьетнамдагы согуштук аракеттерге кошулуудан баш тарткан. Өзгөчө келишпес каршылашы Жоу Фрейзерге каршы ушундай маанайда айткандарын айрымдар текербердик катары кабылдашкан.
1981-жылы бокстон биротоло кеткенден кийин Мухаммед Али коомдук маселелер менен алек боло баштаган. Легендага айланган Мухаммед Алинин капыстан Паркинсон илдетине кабылгандыгы аныкталган. Эл арасында бул ооруну калтырак паралич же шал деп айтышат. Бул ооруга кабылган адамдардын жүзү жансыз бет кап сымал болуп, басуусу оорлошуп, үнү акырын жана монотондуу болуп калат. Адатта, бул оору адамдарга улгайган курагында келсе, Али 40 жашка чыга элегинде кабылган. Али дарыгерлер диагноз койгондон кийин дагы 2 жолу профессионалдык беттеш өткөрүүгө жетишкен. Бирок экөөндө тең жеңилип, чоң спортту таштоого аргасыз болгон. Ал бул ооруга кабылып калса дагы, 1996-жылы Атлантада өткөн Олимпиада оюндарынын отун жаккан.