Кыргызстанда автоунааларды каттоо жана кайра каттоодо алынчу 5 жана 1 пайыздык төлөмдөр боюнча 2015-жылдын 21-январынан тарта жаңы тарифтер иштеп баштайт. Маалыматты бүгүн, 16-январда Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Жаңы тарифтик торчо Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги тарабынан бекитилгени, тарифтер кандай болору тууралуу атайын маалымат бериле турганын кабарлады мекеме.
Айта кетсек, 2012-жылы автоунааны кайра каттоого төлөнүүчү чыгым 5 пайыздан 1 пайызга чейин төмөндөтүлүп (Кыргызстанда катталган унааларга гана), айдоо үчүн берилүүчү ишеним кагазы милдеттүү документтердин катарынан чыгарылган.
Унаанын чыккан жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө, тибине, өндүргөн өлкөсүнө жана базардагы орточо баасына карап пайыздык тарифтик торчо түзүлөт. Буга чейин чет мамлекеттен келген автоунааларга 5 пайыздык салык төлөнсө, Кыргызстанда катталган автоунааларга 1 пайыздык төлөм иштеп келген.
Жогоруда эскертилгендей, бул боюнча кошумча маалымат берилет.