Лейлек районундагы куралдуу кол салуу болгон чек ара тозотунда келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки аскер дайынсыз болууда. Бул тууралуу Лейлек районунун тургуну бүгүн, 17-январда билдирди.
“Окуя кечээ, 16-январь күнү болгон. Анда белгисиз адамдар чек ара тозотунун зардалын башка атышкан. Ал ошол жерден каза тапкан. Ал эми зардалдын орун басары моюн тарапка ок жеген. Учурда ал жакта келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки жоокердин дайыны билинбей жатат”,- деди тургун.
Айта кетсек, 16-январь күнү саат 22:50 чамасында белгисиз адамдар Лейлектеги “Айкөл” чек ара заставасына кол салышып, бир аскер кызматкери каза таап, 2 чек арачы жабыркаган.