Бишкек - Торугарт унаа жолунун 55-чакырымында жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Хонда үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол четиндеги темир-бетонду сүзгөн. Анын кесепетинен унаанын ичиндеги 3 жүргүнчү жабыркаган.