Лейлекте дайынсыз делип жаткан эки аскер чек ара тозотуна кайтып келди

Эки аскер чек ара тозотуна кайтып келди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан бүгүн, 17-январда билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган чек арачылар 16-январь күнү саат 20:00дө кезметке чыгышкан. Ал жакта байланышка чыгууга мүмкүн болгон эмес. Алар 17-январда болжол менен саат 11:30да байланышка чыгып, коюлган тапшырмалар аткарылганын жана чек ара тозотуна кайтып келе жаткандыгы тууралуу билдиришкен. Азыркы тапта жогоруда айтылган аскер кызматкерлери “Айкөл” чек ара тозотуна кайтып келишти.

Айта кетсек, 16-январь күнү саат 22:50 чамасында белгисиз адамдар Лейлектеги “Айкөл” чек ара тозотуна куралдуу кол салышкан. Анын кесепетинен тозоттун зардалы каза таап, дагы 2 чек арачы жабыркаган. Ал эми бүгүн, 17-январда Лейлек районунун жашоочусу мына ошол чек ара тозотундагы келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки кызматкердин дайынсыз болуп жатканын айткан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Angel92
2015-01-17 14:35:15
Бийликтин алсыздыгынан чек арада тынчтык жок!
+9
temirov76
2015-01-17 15:41:37
Буйрук берилиптир го эми тынч болсо керек
-2
maks.kg.11
2015-01-17 16:06:10
Кандай буйрук берилип тир?
+2
temirov76
2015-01-17 16:27:49
Чек араны жакшы кайтаргыла деген буйрук да
-2
Peri76
2015-01-17 17:43:26
Бийликте отургандар кресло талаша бербей чек араларга жакшырак конул бурсанар..бийликтин алсыздыгынан ар ким теп кирип атат Кыргыстанга
+2
meli12
2015-01-17 17:45:08
Кудай колдосун чек арачыларды
+1
jasi
2015-01-17 17:48:53
Бул жерде дагы бироосунун иши бутуп атат да
+1
Deesmond
2015-01-17 18:44:46
jasi, кандай иш болушу мумкун???
-1
Aidar.001
2015-01-17 18:32:36
Чептен эрдин кучу бек болуптур да,аткандар табылып жазалансын эми
+2
nuri88
2015-01-18 08:13:24
Чек араны бекемдебесе аз кундо КЫРГЫЗСТАНды жоготуп алабызбы деп корком!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан