Лейлекте кол салуудан улам жабыркаган чек арачылардын абалы орто. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, лейтенант Н.Осмонов Ош шаардык ооруканасына жеткирилип, ал жакта ага операция жасалган. Ал эми катардагы жоокер Ж.Сагынбай уулу Исфана шаардык ооруканасына жаткырылган. Учурда алардын абалы орто.
Айта кетсек, 16-январь күнү саат 22:50 чамасында Лейлек чек ара кошуунунун “Айкөл” чек ара тозотуна белгисиз адамдар куралчан кол салышкан. Анда бир аскер кызматкери каза таап, эки чек арачы жарадар болгон. Азырынча окуянын келип чыгуу себептери тактала элек. Айрымдар аңчылык куралдан ок атылганын айтышууда.