18-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -5°C
Талас облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -10°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +9°C, түнкүсүн -5°C
Баткен облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн +3°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -10°C
Нарын облусу. Күндүз -9°C, түнкүсүн -25°C
Бишкек шаары. Күндүз +8°C, түнкүсүн -5°C