19-январда Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда “Түндүк электр” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Чоң-Таш, Төмөнкү Ала-Арча, Чүй, Люксембург айылдарынын айрым көчөлөрүндө жарык өчөт. Жарыктын өчүшүнө жогорку чыӊалуудагы электр линияларын оңдоо иштери себеп болууда.