Жалал-Абад облусунда мектептер арасындагы спорттук таймаш жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чара Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги тарабынан демилгеленген “Мекеним менин – Кыргызстан!” долбоорунун алкагында өткөн. Ага облустагы мектептерден жалпы 10 команда катышып, спорттун 6 түрү боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында Аксы районунун “Ынтымак” командасы жеңүүчү аталган.