Бильярдчы Канат Сыдыков Орусияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун 1-турунда жеңишке жетти

Бүгүн, 6-февралда кыргызстандык бильярдчы Канат Сыдыков Орусиянын Кемерово шаарында өтүп жаткан бильярддын эркин пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1-турунда атаандашы Артур Воробьёвду 6:1 эсебинде жеңди. Орусиялык маалымат булактары маалымдагандай, Канат Сыдыков кийинки турда Беларусь өлкөсүнүн спортчусу Ян Макроцинский же армениялык Армен Габриелян менен беттешмекчи. Эскерте кетсек, Канат Сыдыков 2012-жылы Бишкекте өткөн бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медаль уткан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан