Бишкекте АИ-92 бензининин баасы 42 сомго түштү, бул 2 ай мурункудан 8 сомго арзан

Кыргызстанда бензиндин баалары акырындык менен төмөндөөдө. 19-январга карата Бишкек шаарындагы унаага май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 46 сом, АИ-92 42 сом, АИ-80 34 сом 20 тыйын, дизель майы 35 сом 40 тыйын болууда. Айрым май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47 сом, АИ-92 44 сом 40 тыйын, АИ-80 35 сом, дизель майы 36 сом 50 тыйындан сатылууда. Бензиндин бааларынын 2014-жылдагы жана 2015-жылдын башындагы өзгөрүүсү төмөндө:   

2014-жылы АИ-92 бензини:

Январь - 37 сом 80 тыйын;

Апрель - 38 сом 80 тыйын;

Июль - 39 сом 50 тыйын;

Октябрь - 47 сом 80 тыйын;

Декабрь айынын башында - 49 сом 90 тыйын;

Декабрь айынын ортосунда - 47 сом 90 тыйын.

2015-жылдын январь айында - 42 (44) сом. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан