Вице-премьер-министр Валерий Диль Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу менен өлкөдө айыл чарба багыты боюнча адистерге суроо-талап өсөрүн билдирди. Өкмөттөн билдиришкендей, вице-премьер бул багытта К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети атайын иш жүргүзүүсү керектигин айтты.
"Агрардык университетте өндүрүш жана кайра иштетүү факультеттери болушу керек. Студенттер чийки затты өндүрүүдөн тартып даяр продукцияны чыгарууга чейинки бардык чынжырчаны үйрөнүшү зарыл. Лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жагын да колго алышканы туура. Кыргызстандын Бажы союзуна киришин жана рыноктун кеңейишин эске алганда, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү циклин толук билген дал ушундай адистер бизге керек",- дейт Диль.
Аталган окуу жайдын ректору Рысбек Нургазиев вице-премьерден агрардык университеттин базасында технопарк түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.