Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү боюнча консультативдик эксперттик кеңеш БУУнун мамлекеттик кызматты өнүктүрүү жаатындагы сыйлыгына сунушталууда.
БУУнун аталган тармактагы сыйлыгы жылына бир жолудан берилет. Максаты - мамлекеттик мекемелердин башкаруунун эффективдүү жана ыкчам системине кошкон салымын жана чыгармачылыгын баалоо. Сыйлык 2003-жылдан бери ыйгарылып келет, Кыргызстан быйыл биринчи жолу сунушталууда. Жеңүүчүлөр аймактар боюнча аныкталат, Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагына кирет. Бул аймактан убагында Сингапур, Корея жана Япония сыйланышканын билдирет Мамлекеттик кадр кызматы.