Кыргызстанда 2015-жылы мамлекеттик маанидеги кендер боюнча 3 ачык сынак өткөрүү пландалууда

Кыргызстанда 2015-жылы мамлекеттик маанидеги кендер боюнча 3төн кем эмес түрдө ачык сынак өткөрүү пландалууда. Маалымат Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директорунун 2015-жылкы иш планында айтылат. Аталган мекеме быйыл кен жайгашкан аймактарда жергиликтүү элди катыштыруу менен 10дон ашуун аукцион өткөрүүнү да пландап жатат. "Мындай иштердин максаты - бюджетке түшчү кирешенин суммасын көбөйтүү, тармактагы коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу жана жок кылуу, тармактагы иштерди так, даана регламенттештирүү",- деп айтылат маалыматта.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан