Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жер титирөө катталды

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бүгүн, 19-январда саат 07:43тө Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын чек арасында очогунда күчү 4,2 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Ош облусунун Алай районундагы Нура айылынан 20 чакырым чыгыш тарапта, Ош шаарынан 150 чакырым түштүк-чыгыш тарапта, Гүлчө айылынан 95 чакырым түштүк чыгыш тарапта жайгашкан. Жер титирөө Нура айылында 4 балл, Мал-Табар айылында 4 балл, Сугут, Кара-Киндик айылдарында 3 балл, Сары-Таш жана Кичи-Каракол айылдарында 2,5 балл сезилди. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кыйроолор болгон эмес жана адам өмүрүнө зыян келген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан