Кыргызстанда адам укуктарынын корголушу боюнча баяндама жасоо үчүн вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жетектеген өкмөттүк делегация Женева шаарына учуп кетти. Делегация Адам укуктары боюнча комитеттин 21-жыйынына катышып, бүгүн, 19-январда адам укуктарын коргоо жаатындагы Кыргызстандын улуттук докладын тааныштырат. Маматалиев буга чейин: "Ар бир төрт жылда БУУга мүчө бардык өлкөлөр адам укуктарын коргоо жаатындагы милдеттенмелерди аткаруу боюнча маалымат беришет. Адам укуктары боюнча улуттук доклад - эл аралык коомчулуктагы Кыргызстандын жүзү",- деп билдирген эле.
Маалыматка таянсак, Кыргызстан адам укуктарынын корголушу боюнча биринчи баяндамасын 2010-жылы жасаган.