Эртең, 20-январда саат 12:00дө Бишкектеги М.Горький атындагы сейил багында "Мен пайгамбарымды сүйөм!" аттуу тынч митинг өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда маалымат жыйынында коомдук ишмер, акциянын уюштуруучусу
Улан Давлеткулов билдирди.
Анын билдиришинче, бул акция ушул айда Парижде болгон
окуяларга байланыштуу.
"Буга чейин Чеченстанда, Ингушетияда ушул сыяктуу тынч митингдер өткөн. Бул акциялардын негизги максаты ислам тынчтыктын жана жакшылыктын дини экенин жарыялоо болгон. "Шарли-Эбдо" басылмасы Мухаммед пайгамбардын карикатураларын чыгарып, бардык мусулмандарды шылдыңдаган. Эгер ошол терактты жакшылап карап чыкканда, эч кандай адам өлтүрүү болбогонун көрүүгө болот. Ошентип, интернетте таратылган видео алдын ала атайын жасалган деп эсептейбиз",- деди Давлеткулов.
Эскерте кетсек, 7-январда саат 11:00 чамасында Франциянын борбору
Париж шаарында террордук акт орун алган. Анда үч террорчу "Charlie-Hebdo" ("Шарли-Эбдо") сатиралык журналынын кеңсесине кирип, 12 адамды аткылап салышкан. Бул кылмышка шектүү ага-ини
Шериф жана
Саид Каушилерди кармоо боюнча атайын операция 3 күнгө созулуп, жыйынтыгында алардын
өлтүрүлгөндүгү
айтылган.
Террордук акттын эртеси президент
Алмазбек Атамбаев Франциянын мамлекет башчысы
Франсуа Олландга көңүл айткан. Ошондой эле кыргызстандык ММКлардын өкүлдөрү курман болгон француз журналисттерине көңүл айтуу максатында тынч митинг
өткөрүшкөн.