Бишкек - Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, эки жүргүнчү каза тапты

Бишкек - Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, эки жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 18-январда саат 21:00 чамасында катталган. Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 23 жаштагы Данияр жол боюндагы бетон тосмону сүзүп кеткен. Анын кесепетинен унаадагы 4 жүргүнчү Балыкчы шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй 47 жаштагы Зина жана 44 жаштагы Эльмира аттуу жүргүнчүлөр оор жаракаттардан улам каза болуп калышкан. 

Учурда бул жол кырсыгы боюнча чогултулган материалдар аймактык тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, иликтөө иштери жүрүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан