Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан райондук администрацияга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмыш иши КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 315-беренеси (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз берүү, ошого тете документке Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алууга алып келген атайын жалган маалыматтарды киргизүү) боюнча козголду.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган администрациянын бир катар кызматкерлеринин иш тажрыйбасынын мөөнөтү мыйзамсыз көбөйтүлүп, ага ылайык, алган эмгек акыларын да көбөйттүрүп алышкан. Анын кесепетинен мамлекетке 444 600 сом зыян келтирилген. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.