27-январда Бишкектеги Эмен багындагы С.Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр союзунун галереясында "Арткана-3. Кышкы сессия" аталышындагы пленэрдик живопистин көргөзмөсү ачылат.
Белгилүү болгондой, 5-11-январь күндөрү Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Шабдан айылында "Арткана-3" пленэрдик живопистин кышкы сессиясы өткөрүлгөн.
"Арткана" - бул искусство жана илимди гармониялуу үндөштүрүү жаатында иш алып барган "Билимкана" коомдук уюмунун масштабдуу долбоору. Кышкы каникулда бош мектептер сүрөтчүлөргө пленэрдик практика өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүшөт. Ал эми сүрөтчүлөр мектепти өзүлөрүнүн эмгектери менен чыгармачылыкка, эстетикага каныккан атмосферага сугарышат",- деп жазылат маалыматта.