Жогорку Кеңештин депутаттары коомдук дааратканаларды пайдаланган жарандардан акча алынып жатышына нааразы. Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 19-январдагы жыйынында депутат Талант Узакбаев Боом капчыгайындагы көрүнүштү мисал келтирди. "Боомдогу кафенин жанындагы туалет үчүн акча алынат. Кафеден түшкөн акча аздык кылып жатабы? Муну менен туристтерди таң калтырып жатабыз",- деди депутат.
Буга чейин башка депутаттар Бишкек-Балыкчы трассасындагы дааратканалардын абалына нааразычылык билдирип келишкен.