Билим берүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев "Билим берүү жөнүндө мыйзамга толуктоо киргизүү" тууралуу документке кол койду. Мыйзам КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган. Мыйзамдын максаты - айдоочулук күбөлүк алууда жарандарды аттестациядан өткөрүүдөгү кээ бир маселелерде коррупциогендик факторлорду жоюу. 

Аталган максаттарда кабыл алынган мыйзам менен өкмөткө аталган жарандарга экстернат формасында аттестациялоону уруксат бербеген учурларды аныктоого укук берилет (мыйзамдын азыркы редакциясында жарандар экстернат (өзгөчө, адаттан тыш учурларда) түрүндө аттестациядан өтүүгө укуктуу). Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан