Бишкекте 600 граммдан ашуун баңгизат менен Баткен районундагы айылдык кеңештин депутаты кармалды

Бишкек шаарында салмагы 600 граммдан ашуун баңгизат менен Баткен районундагы айылдык кеңештин депутаты кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда КРнын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Баткен районундагы айылдык кеңештин депутаты, 23 жаштагы М.У. аттуу жаранды текшерүү маалында анын чөнтөгүнөн полиэтилен баштыгына оролгон баңгизат алынган. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгында ал салмагы 652,3 граммды түзгөн героин болуп чыкты. Учурда аталган жаран камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан