Ош. Ар бир мугалимге интерактивдүү такталарды колдонууну үйрөтүү боюнча сунуш берилди

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыканов Ош шаарындагы мектеп директорлору менен жолугуп, бир топ маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда мугалимдердин айлык акысын 50 пайызга көтөрүү боюнча өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин берген тапшырмасынын алкагында кеп козголуп, биринчи кезекте башталгыч класстардын мугалимдерине өзгөчө көңүл буруу керектиги баса белгиленди. Мындан сырткары К.Шадыканов шаардагы мектептерге берилип жаткан интерактивдүү такталарды колдонууну ар бир мугалимге үйрөтүүнү жайылтып, ошондой эле инновациялык усулдарды өздөштүрүү боюнча атайын семинарларды уюштуруу сунушун берди. Бул боюнча Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтуна дагы билдирилип, кошумча тапшырмалар берилери маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан