Кыргызстанда бензиндин баасынын арзандашы күтүлөт

Кыргызстанда мындан ары бензиндин бааларынын арзандашы күтүлөрүн 19-январда маалымат жыйында Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди. Керимкулов өткөн дем алыш күндөрү бензиндин баалары 2 сомго, 2014-жылдын ноябрынан бери 6,2 - 8,4 сомго чейин арзандаганын белгиледи.
"Баалардын түшүшүнө доллардын курсунун жогорулашы таасир этиши мүмкүн. Биз күйүүчү майларды доллар менен сатып алабыз, ошондуктан баалардын көтөрүлүшү да ыктымал",- дейт өлкөдөгү мунай ташуучулардын жетекчиси.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан