Кызамык оорусу күч алганына байланыштуу Саламаттыкты сактоо департаменти балдарды эмдөөдөн өткөрүү зарылдыгын айтууда

Кызамык оорусунун жайылышына байланыштуу Саламаттыкты сактоо департаменти аталган оорунун алдын алуу үчүн ата-энелерди балдарын кызамыкка каршы эмдөөгө чакырды. Бул тууралуу билдирүүнү бүгүн, 19-январда шаардык мэрия таратты. 

Маалыматта белгиленгендей, мурда кызамык оорусу менен оорубаган жана эмдөөдөн өтө элек балдарга дароо эмдөө жасатуу абзел. Кызамык оорусун алдын алуунун эффективдүү ыкмасы - эмдөө. Биринчи эмдөө балдарга 12 айында жана экинчи жолу 6 жашында жүргүзүлөт.

"Урматтуу ата-эне, эгер сиздин балаңыздын денеси ысып, жөтөлүп, тамагы ооруп жатса жана анын денесинде кызыл бүдүрлөр пайда болсо, токтоосуз дарыгерди чакырыңыз. Бардык санитардык-гигиеналык нормаларды сактаңыз",- деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, аталган оору аба аркылуу жугат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
uulay
2015-01-19 15:59:16
Кызылча деген ветрянкабы?
0
admin_superstan
2015-01-19 17:05:16
uulay, саламатсызбы! Кызылча - кадимки кызамык оорусу. http://www.super.kg/article/?article=3843
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан