"Борбордогу сейил бактардын биринде улгайган аялды зордуктаган" деп шектелген жаран кармалды

Борбордогу сейил бактардын биринде улгайган аялды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаардын тургуну кайрылган. Анда ал 16-январь күнү саат 16:00 чамасында борбордогу Ю.Фучик атындагы сейил бактан 40-45 жаштагы белгисиз жаран күч колдонуу менен аны зордуктаганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 42 жаштагы А.К. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан