Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети 19-январда "КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун жактырды. Долбоордо таштандыларды урналарга таштабай көчөнү булгаган жарандарга айып пулду көтөрүү сунушталууда. Айып пулдун көлөмүн кызмат адамдарына эки эсе жогорулатуу жагы каралганы айтылды.
Депутат Сайдулла Нышанов айып пулдан түшкөн каражаттын 50 пайызын айып пул салып жаткан органга, 50 пайызын республикалык бюджетке берүүнү сунуштады. Башка депутаттар түшкөн айып пулду айыл өкмөттөрүнө берүү керектигин, мыйзамды аткарууда жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги чоң экенин айтышты.