19-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 615 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 3 миллиард 896 миллион метр кубга аз. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 152 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 159 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 531 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 745 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 19-январда суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 миллиард 511 миллион метр кубду түзгөн.