Биз социалдык тармакта

Бишкекте Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор союзу Насирдин Исановдун эстелигин тургузат

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор союзу Ильяз Демиржи менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда КРнын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, жолугушууда И.Демиржи Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор союзунун ишмердүүлүгүнө кыскача токтолуп, 2014-жылдын сентябрь айында Бишкекте Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор курултайы бийик деңгээлде өткөрүлгөнүн баса белгиледи.

Мындан тышкары И.Демиржи Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор союзу 2015-жылды Насирдин Исановдун жылы деп жарыялаганын жана анын эстелиги Бишкекте тургузуларын маалымдады.

И.Жунусов өз кезегинде түрк тараптын активдүү кызматташып, шаар курулушуна жардам берип жаткандарына жана Кыргызстандын алгачкы премьер-министри жана мамлекеттик ишмеринин эмгегин баалап, 2015-жылды Н.Исановдун жылы деп жарыялаганына ыраазычылыгын билдирди.

Насирдин Исанов 1943-жылы Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Көк-Бел айылында туулган. Ал КРнын туңгуч премьер-министри, СССРдин Инженерлер союзунун академиги болгон. Мамлекеттик ишмер 1991-жылы 29-ноябрда Бишкекте көз жумган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан