Борбордо алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 28 жаштагы А.Айзада аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ал өткөн жылдын ноябрь айында анын Эрлан аттуу чала таанышы анын ишенимине кирүү менен 25 миң сом акча каражатын алып, ошол бойдон бербей жатканын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 35 жаштагы Э.Эрлан аттуу Чүйдүн тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан