Бишкек шаарында мыйзамсыз баңгизатты сактап жүргөн 2 жаран кармалды

Борбор калаада мыйзамсыз баңгизатты сактап жүргөндүгү үчүн 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 31 жаштагы Ы.Сагын жана 44 жаштагы Т.Бакыт аттуу жарандарды текшерүү маалында алардын жанынан баңгизаттар табылган. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Ы.Сагындын жанынан алынган баңгизат салмагы 25 грамм, ал эми Т.Бакыттын жанынан алынган салмагы 140 граммды түзгөн марихуана экени аныкталган. Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан