Ош шаарындагы Исхак Монуев көчөсүнүн боюна 203 даана арча көчөтү отургузулду. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда мэриядан билдиришти. Жергиликтүү Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын маалыматына ылайык, 2015-жылы шаардагы көчөлөргө 1,5 миңдей арча отургузулат. Өткөн жылы шаарга 740 даана арча отургузулган. Жалпысынан быйыл калаа ичин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында 3,5 миңдей ар түрдүү бак-дарактардын көчөттөрү отургузулмакчы.
Иш-чарага вице-мэр Кутманалы Абдырахман уулу, шаардык мекемелердин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.