Бишкекте 2002-жылы 22 күн ачкачылык кармап каза болгон Шералы Назаркуловду эскерүү кечеси болот

Эртең, 7-февралда саат 11:00дө КРнын Айыл чарба министрлигинин имаратынын жанында белгилүү укук коргоочу Шералы Назаркуловду эскерүү иш-чарасы өтөт. Маркумга арналып куран окулуп, анын урматына ачылган музей менен таанышуу болот. Айта кетсек, Шералы Назаркулов Үзөнгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы 22 күндүк саясий ачкачылыктын айынан 2002-жылдын 7-февралында көз жумган. Эскерүү иш-чарасына Назаркуловдун туугандары, укук коргоочулар, мамлекеттик кызматкерлер жана ММК өкүлдөрү катышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан