20-январда Бишкектеги КРнын Улуттук китепканасында тарыхый инсан Боромбай Меңмурат (Бекмурат) уулунун 235 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция жана “Боромбай бий жана анын доору” аттуу көргөзмөнүн ачылышы болот.
Аталган китепканадан билдиришкендей, көргөзмөгө Боромбай Меңмурат уулунун басып өткөн жолу тууралуу жазылган китептер, гезит жана журналдар, иллюстрациялар, кол жазмалар коюлат.
Боромбай Меңмурат уулу - 19-кылымдын көрүнүктүү саясий ишмери, чыгаан кыргыз башчысы. Ал 19-кылымдын 40-50-жылдары кыргыз элинин коомдук-саясий турмушунда көрүнүктүү роль ойногон. Калк кадырына ээ болгон Боромбай бий деген атакка жеткен. Ал 19-кылымдын 20-жылдарынан баштап көркөмү көз талдырган кыргыз бермети Ысык-Көлдү жердеген бугу уруу бирикмесин бийлеген.
Теги Тагай бийдин урпагы Боромбай Меңмурат уулу болжол менен 1789-1790-жылдары туулуп, 1858-жылга чейин жашаган. Анын атасы Меңмурат бий уруулаштары менен 17-кылымдын биринчи жарымында калмак чапкынынын натыйжасында Фергана чөлкөмүнө сүрүлүп, байыркы Ата Журту Ысык-Көлгө 1774-жылдары кайтып келишкен. Мындай оош-кыйыш заманды өз көзү менен көргөн Боромбай жаш чагынан эле чыйрак чыгып, турмуштун татаал сыноолоруна такшалган. Эл башкаруунун татаал сырларын, эл-жердин бейпилдиги, коопсуздугу жана келечеги үчүн тарыхый кырдаалга жараша аракет кылуу, башка элдер менен байланышууда элчилик өнөрдү өздөштүрүүнү аталаш агасы, бугулардын чоң бийи Бирназар бийден мурас катары алган. Боромбай бий бугу уруу бирикмесинин улуу манабы болуу менен өзүнүн адамдык сапаты бийик, элинин камын көргөн чарбачыл, ыйык Ата Журтун тышкы душмандардан коргоого жарамдуу эпчил, кыраакы саясатчы, дипломат болгонун тарыхый маалыматтар баяндап турат.