9-январдан 16-январга чейинки аралыкта Бишкек мэриясынын “185” ыкчам чара көрүү кызматына 124 арыз жана кайрылуу түшкөн. Алардын 56сы каттоого алынып, 44 кайрылуу боюнча тийиштүү иш-аракеттер аткарылды. Тактап айтканда, катталган кайрылуулардын 78,5 пайызына чара көрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кайрылуулардын басымдуу бөлүгү электр жана жылуулук энергиясы, шаардын санитардык тазалыгы, көрктөндүрүү боюнча болгон.