Бишкек шаарында алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Милицияга арыз менен шаардын тургуну кайрылган, анда ал Азис аттуу чала таанышы анын ишенимине кирүү менен 52 миң сом акчасын алып, кайтарып бербей жатканын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы М.Азис аттуу шаар тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.