Жылнаама, 20-январь: Мындан 1 жыл мурун Кыргызстан дүйнөдөгү мыкты туристтик өлкөлөрдүн рейтингинде 3-орунду ээлеген

* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү мыкты туристтик өлкөлөрдүн рейтингинде 3-орунду ээлеген. Бул тууралуу Globe Spots интернет-порталы жазып чыккан. Эксперттердин ою боюнча, өлкөнүн мындай тепкичке көтөрүлүшүнө анын 44 мамлекетте визасыз тартипти орноткондугу себеп болгон. Globe Spots интернет-порталынын рейтингинде 1-орунду Португалия, 2-орунду Мозамбик, 3-орунду Кыргызстан, андан кийинки орундарды Панама, Армения, Куба, Украина, Малави, Канада ээлеген. Таң калтырганы орусиялык жана кыргызстандык туристтер баалаган Түркиянын алдынкы 10 мыкты туристтик өлкөлөрдүн рейтингине кирбей калышы болгон.
* Мындан 22 жыл мурун, 1993-жылы теги англо-голландиялык болгон британиялык Одри Хепбёрн 63 жашында каза болгон. Аны көпчүлүк актриса жана фотомодель катары тааныйт. 1953-жылы "Римдеги эс алуу" тасмасында жараткан ролу үчүн "Оскар", кийин ошол эле эмгеги үчүн "Алтын глобус" сыйлыктарына арзыган актриса капыстан оор дартка кабылган. 1992-жылы 1-ноябрда ага операция жасалып, бирок операция, көпкө созулган дарылануулар да эч жардамын берген эмес. Ошентип, таланттуу актриса 63 жаш курагында көз жумган.
* Мындан 52 жыл мурун, 1963-жылы литвалык актриса Ингеборга Дапкунайте төрөлгөн. Ингеборганы алгач ата-энеси спортчу болот деп ойлошкон. Себеби ал бала кезинде спорт менен алектенип, муз үстүндө бийлөө, баскетбол боюнча көп ийгиликтерге жеткен. Бирок мектепти аяктаган соң консерваторияга тапшырып, 1985-жылы бүтүргөн. Тасма талаасына 1984-жылы аралаша баштап, "Менин кичинекей келинчегим" фильминде дебют жасаган. Ингеборга Дапкунайте 1993-жылы Голливудга барып, "Аляска Кид" сериалына тартылган. Кийин Лондонго көчүп келип, ал жакта театр актрисасы болуп иштеп калган. Ал Никита Михалковдун "Күндөн чаалыккандар", "Кан соргучтун көлөкөсү", "Жаңы Жер" ж.б. тасмаларда роль жараткан.
20-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан