Тоң районунда кечээ, 19-январь күнү саат 08:47 чамасында жол кырсыгы катталып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.