Өткөн жылы Ысык-Көл облусунда 153 мал уурдоо фактысы катталган

Өткөн жылы Ысык-Көл облусунда 153 мал уурдоо фактысы катталган. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 16 фактыга көп. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жыл ичинде 313 баш мал уурдалган. Андан келтирилген чыгым 6 миллион 379 800 сомду түзгөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 171 баш мал табылып, ээлерине кайтарылып берилген. Ал эми мал уурдоого шектелип 88 адам кармалган, анын ичинен 14ү ушул эле берене боюнча сот жообуна тартылгандар. Кармалгандардын ичинен 28ине кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Ошондой эле мал уурдоо менен алектенген 16 кылмыштуу топтун 37 мүчөсү кармалган. Алардын 29 мал уурдоо фактысына катыштыгы бар экени далилденген.   

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан