Борбор калаада шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузуу фактысы катталды

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун №15-жергиликтүү аймактык башкармалыгынын аймагында шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузулган. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Корей көчөсүндө таштанды контейнеринин жанына курулуш таштандылары баш аламан төгүлгөнүн аныкташкан. Натыйжада Санитардык-экологиялык инспекциянын инспекторлору тарабынан Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, Т.Ү. аттуу жарандын атына Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин негизинде протокол түзүлүп, Биринчи Май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан