24-январда Бишкекте “Какидзоме” япон каллиграфиясын үйрөтүү боюнча кыска мөөнөттүү окутуу курсу башталат. Кыргыз-япон адамды өнүктүрүү борборунан билдиришкендей, иш-чаранын максаты - кыргызстандыктарды япон каллиграфиясы менен тааныштыруу.
Маалым болгондой, “Какидзоме” – бул жаңы жылдагы биринчи каллиграфия жазуусу. 2-январда өткөрүлгөн иш-чарада бул күнү япондор салттуу түрдө чиркөөлөрдө чогулушуп, ыйык булактан алынган суунун тамчысы менен кара боёкту аралаштырып, жаңы жылдык каалоо-тилектерин барактарга жазышат.
Ошондой эле Японияда окуучулар кышкы каникулда “Какидзоме” жазып келүүгө үй тапшырма алышат. Каллиграфиялык куттуктоолор 14-февралда Сагичеу фестивалында өрттөлөт. Эгер кимдин өрттөлгөн катынын күлү өйдөрөөк көтөрүлсө, ал каллиграфия искусствосунда тажрыйбалуу болот деген ишеним бар.