Ысык-Көл облусунда издөөдө жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ысык-Көл облусунда издөөдө жүргөн Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган 25 жаштагы Ж. уулу Бактыбек буга чейин каракчылык жана күч органынын кызматкерине күч колдонуу боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн. Ал 2014-жылдын 6-декабрынан 7-декабрга караган түнү жанына бир нече адамды ээрчитип алып, күч органынын кызматкерин ур-токмокко алып, анын унаасынын дөңгөлөктөрүн бычак менен жарып коркуткан. Ошол эле түнү бул кылмышка шектүү катары Ж. уулу Бактыбектин жанындагы 5 бала кармалып, ал өзү изин жашырып кеткен.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан