Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Ысык-Ата районуна караштуу Серафимовка айылындагы үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 16 чарчы метр унаа токтотуучу жайдын чатыры жана турак үй толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Ошондой эле борбордогу Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан желимдөөчү жайдан өрт чыкты. Анын кесепетинен аянты 30 чарчы метрди түзгөн темир контейнердин желим капталган ички жасалгасы толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгон.