Кыргызстандын “Азия Микс” КВН курама командасы Сочиде өткөрүлчү “КиВиН-2015” 16-Эл аралык фестивалынын 3-айлампасына өттү. Бул тууралуу 19-январда КВН Эл аралык биримдигинин расмий баракчасында жазылды.
Айта кетсек, фестиваль 12-январда Сочиде башталган. Ага жалпысынан 344 команда катышып, экинчи турга 72 команда өткөн. Эми “Азия Микс” командасы 3-айлампада 24-болуп өнөрүн тартуулайт. Фестиваль 25-январга чейин өткөрүлөт.