Бишкекте жер тилкелерин сатуу менен алектенген алдамчылардын тобу кармалды

Бишкекте жер тилкелерин сатуу менен алектенген алдамчылардын тобу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-январда билдирди.

Милиция кызматкерлерине оперативдүү маалымат келип түшкөн. Анда үч айымдын “жер тилкесин алып беребиз” деп жарандардын ишеничине кирип акча алып, алдап жүрүшкөнү айтылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын натыйжасында 48 жаштагы Чынара Сыдыкова, 57 жаштагы Анаркүл Нургазиева жана 52 жаштагы Алымкан Бакирова кармалган. Учурда кылмыштын уюштуруучусу катары Чынара Сыдыкова тергөө абагына камалды. Эгер ким бул айымдардан жабыркаса, 0 553 10-25-66, 0 554 10-23-36 телефон номурлары аркылуу кайрылса болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tilek88.88kg
2015-01-23 09:40:53
чек качантан баштап бере баштайт толук малымат барбыкен супер инфо ?
0
admin_portal
2015-01-23 10:54:25
tilek88.88kg, Саламатсызбы!
Сурооңуз түшүнүксүз болуп жатат. Купуя аркылуу түшүнүктүүкылып жөнөтсөңүз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан