Өлкөдө акыркы мезгилде жаш балдарды зордуктоо фактылары көп катталып жатканына байланыштуу педофилияга каршы митинг болуп өттү. Аталган акция Ак үйдүн алдында 10 чакты эненин катышуусунда өттү.
Акциянын катышуучуларынын айтымында, өлкөдө жаш балдарды зордуктагандарга жазаны күчөтүү зарыл. Эгер аларга болгон жаза бүгүнкү күндөгүдөй кала берсе, жаш балдарга карата зордук-зомбулук токтобойт.
“Менин 2 жаштагы уулум бар. Ибрагимге байланыштуу окуяны угуп алып жүрөгүм ооруду, катуу ойлондум. Анын ордунда менин балам да, башкалардын баласы да болуп калышы мүмкүн. Ошол себептен бул акцияны уюштурууну туура көрдүм. Биздин өлкөбүздө жаш балдарды зордуктагандарга жазаны күчөтмөйүн мындай кылмыштар улана берет. Мындай берене менен түшкөндөрдү өмүр бою эркинен ажыратуу керек”,- дейт акциянын уюштуруучусу, активист Мээрим Усупова.
Акциянын катышуучусунун айтымында, жаш балдарды зордуктагандарды эркектик касиетинен ажыратуу керек.
“Борбордо 2 жаштагы баланын катуу сабалып, зордукталганы жүрөгүмдүн үшүн алды. Мен ал окуя тууралуу сыналгы, интернет аркылуу окуп жаттым. Өзүмдүн да 2 жаштагы неберем бар, анын келечегин ойлоп кабатыр болдум. Менимче, жаш балдарды зордуктагандарды түрмөгө отургузуп, ак шейшепке жаткырбай эле, эркектик касиетинен ажыратып салыш керек. Андан кийин андай сөрөйлөрдү аянтка алып чыгып, элдик сотко коюу керек. Мисалы, илгери ушундай эле кылышчу. Уят иштерди жасагандарды “баланчанын уруусунан чыккан” деп уяткарып, элдик сотко салчу. Балким, ошондон улам ал учурда жаш балдарды зордуктоо деген нерсе жок болчу”,- дейт акциянын катышуучусу Калима Керимкулова.