19-январда Нигерди курчоого алган нааразы тарап 45 чиркөөнү өрттөп салды. Массалык демонстрацияга "Шарли-Эбдо" сатиралык журналынын Мухаммед пайгамбардын (С.А.В) карикатурасын чыгарганы себеп болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Нигердин борбору Ниамейде орун алган массалык баш аламандыкта 5 адам каза таап, 128 адам жаракат алды. Ал эми Зиндер шаарында 5 адам көз жумуп, 45 адам жарадар болду.
Эскерте кетсек, 7-январда саат 11:00 чамасында Франциянын борбору Париж шаарында террордук акт орун алган. Анда үч террорчу "Charlie-Hebdo" ("Шарли-Эбдо") сатиралык журналынын кеңсесине кирип, 12 адамды аткылап салган. Бул кылмышка шектүү ага-ини Шериф жана Саид Каушилерди кармоо боюнча атайын операция 3 күнгө созулуп, жыйынтыгында алардын өлтүрүлгөндүгү айтылган.