Борбордогу "Камкордук" рейдинин алкагында көчөдөн кармалган жашы жете элек 31 бала милиция бөлүмүнө алынып келди. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган рейд 19-январдан 24-январга чейин улантылмакчы. Рейддин негизги максаты -көчөдө жүргөн жашы жете элек балдарды, тилемчилик менен алектенген жана кароосуз, мектепке барбай жүргөн балдарды аныктоо. 19-январдан бери Райондук ички иштер башкармалыгына 31 жашы жете элек бала алынып келип, анын ичинен экөө издөөдө жүргөндөр болуп чыккан. Жетөө өздүгүн тактоо үчүн алынып келген. Ошондой эле Балдар комиссиясына 4 материал жөнөтүлүп, 5 жашы жете элек бала туруктуу жашоочу жайы жок экендиги аныкталган.