Ош шаарында 21 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, 1994-жылы туулган Мария Рыбалова 19-январь күнү саат 09:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Үстүнө кара дублёнка, кара шым, кара өтүк кийип жүргөн. Бою болжол менен 160-165 сантиметр. Акыркы учурларда үй-бүлөсүндөгү жоготуулардан улам депрессияда жүргөн. Кимде-ким бул кыздын жүргөн жери тууралуу маалыматка ээ болсо, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын иликтөө бөлүмүнө кайрылса болот: (03222) 5-71-81, 102.